Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз III сессиясы
2021-жылдын 8-июну № 3-1
Долбоордук сунуш жөнүндө
Коомчулукту өнөктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин АИД-3 долбоорун ишке ашыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. COVID-19 пандемиясына байланыштуу айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айылынын фокс топтору жана калкы менен онлайн платформа аркылуу талкууланып келип чыккан Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин санитардык-гигиеналык түйүнүн ощдоо боюнча чакан долбоордук сунушу колдоого алынып, Коомчулукту өнөктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИСке) сунушталсын;
2. Долбоордук сунушта көрсөтүлгөн 3,75 пайыздан кем эмес акча каражаты өздүк салым катары каралсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатбекке милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |