Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 1-июлу № 4-3
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине талапкерди сунуштоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Сулайманов Даниэл Бакировичке макулдук берилсин;
2. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Сулайманов Даниэл Бакировичти дайындоо жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевге сунушталсын;
3. Дайындалган «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси өзүнүн тармагы боюнча компетенциясынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А. Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |