Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 1-июлу № 4-4
2022-2024-жылдар үчүн орто мөөнөттүү мезгилге Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин билдирүүсүнүн негизинде Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2024-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2022- жылга 31 603 400 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант - 1 611 800 сом;
- жергиликтүү кирешелер - 29 991 600 сом;
- 2023-жылга 32 407 800 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант - 1 354 700 сом;
- жергиликтүү кирешелер – 31 053 100 сом;
- 2024-жылга 33 225 200 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант – 1 422 400 сом;
- жергиликтүү кирешелер – 31 802 800 сом.
2. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2024-жылдарга карата бекитилген болжолдуу долбоорун эске алып, иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |