Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 1-июлу № 4-5
Муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. +мүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамына ылайык муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине убактылуу өткөрүп берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчиктеги «Кошой» стадионун Ат-Башы райондук М. Өмүракунов атындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине оперативдик башкаруу укугу менен 10 (он) жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга өткөрүлүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбековго милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |