Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 20-майы № 1-1
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоого карата убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү убактылуу эсептөө комиссиясын түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону жүргүзүүчү Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынан турган төмөндөгү курамда убактылуу эсептөө комиссиясы түзүлсүн:
Эсептөө комиссиясынын төрайымы: Ж. Акбаева
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: Ж. Осмонов
Р. Нурланов
2. Эсептөө комиссиясына Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын шайлоонун бюллетендерин саноону калыс, таза жүргүзүү тапшырылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
К. Айдыралиев |