Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 20-майы № 1-2
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасын жана анын орун басарын шайлоо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2012-жылдын 3-апрелиндеги №20/3 токтому менен бекитилген Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 5-пунктуна ылайык өткөрүлгөндүгүн эске алуу менен эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы болуп Өмүракунов Асан Сулайманович шайлангандыгы белгиленсин;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары болуп Жаныгулова Назира Мамбеталиевна шайлангандыгы белгиленсин;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
К. Айдыралиев |