Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 20-майы № 1-3
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактарын тактоо жана курамдарын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын тармактары жана курамдары боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарынын негизинде жүргүзүлгөн шайлоолордун жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1) Бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: К. Айдыралиев
Мүчөлөрү: Э. Абдымаликов, Р. Акаева, Р. Нурланов, Э. Эсенгул кызы
2) Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: Ж. Осмонов
Мүчөлөрү: Н. Жоломанов, Ж. Акбаева
3) Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: И. Мелисов
Мүчөлөрү: Д. Сулайманов, Н. Ясинова, М. Карымбаев
4) Мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, депутаттык мандат, этика жана дин иштери боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: М. Турдумбаева
Мүчөлөрү: Ы. Мөндүрбаева, Т. Каденов
5) Билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия
Төрагасы: К. Асанбаева
Мүчөлөрү: М. Төлөгөн кызы, А. Жумгалбек кызы, У. Мелис уулу
2. Түзүлгөн туруктуу комиссияларга өздөрүнүн тармактары боюнча компетенцияларынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
А. Өмүракунов |