Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 8-1
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Жапаровдун жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 9 742 368 (тогуз миллион жети жүз кырк эки миң үч жүз алтымыш сегиз) сом 73 тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 11 200 сом;
2) “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына контракт менен иш жүргүзүп жатышкан жумушчулардын, айылдын квартал комитет башчыларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 882 900 сом;
3) Айыл өкмөткө лизингге комбайн алууга - 2 500 000 сом;
4) А. Керимбаев мектебине от казаны, навес курууга – 1 500 000 сом;
5) Кичи футболдук аянттын ремонтуна – 1 200 000 сом;
6) Мамбеталиев атындагы мектебинин чатырын оңдоого – 836 000 сом;
7) Тыналиев атындагы бала бакчасынын ремонту үчүн – 450 000 сом;
8) Таштанды төгүлүүчү жердин ижара акысына – 300 000 сом;
9) Көз ооруларын текшерүүгө аппарат алууга – 200 000 сом;
10) Мектептерге өрт коопсуздугун алдын алууга шаймандар – 160 000 сом;
11) «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына – 120 000 сом;
12) Жол белгилерин алууга – 50 000 сом;
13) Архитектуранын кызматы үчүн – 132 000 сом;
14) Волейбол командага форма алуу үчүн – 40 000 сом;
15) Балдардын билим берүү борборунун ремонтуна – 100 000 сом;
16) Айылдык кеңешке ноутбук, принтер алууга – 75 000 сом;
17) Айылдык кеңешке печать, штамп жасатууга – 3 500 сом;
18) Айылдык кеңешке темир шкаф алууга – 15 000 сом;
19) Айылдык кеңешке керектүү каражаттарды алууга – 29 968 сом 73 тый;
20) Айыл өкмөткө компьютер, принтер алууга – 75 000 сом;
21) Айыл өкмөткө темир шкаф алууга 15 000 сом;
22) Санарипке туташтырууга – 50 000 сом;
23) Санарип кол тамга алуу үчүн – 1500 сом;
24) Жер адистерине стул, шкаф алууга – 10 000 сом;
25) Мектеп, бала бакчаларга антисептик каражаттарды алууга – 56 300 сом;
26) Медициналык аптечка комплектиси менен алууга – 15 000 сом;
27) Эл каттоого – 50 000 сом;
28) Жесткий диск алууга – 20 000 сом;
29) Мектептердин электр эсептегичин которууга – 12 000 сом;
30) «Ак-Байрак» бала бакчасынын пандемия учурунда колдонулган электр энергиясына – 19 000 сом;
31) «Чатыр-Көл» шайлоо участкасынын электр энергиясы үчүн – 15 000 сом;
32) «Асылзат-Зирек» бала бакчасына санузел жасоо үчүн – 28 000 сом;
33) Ат-Башы айылынын башкы планынын топосьемкасына – 200 000 сом;
34) Кадастр мекемесине карта чийдирүү үчүн – 50 000 сом;
35) Архитектурага документация үчүн – 100 000 сом;
36) Соц.жардам бөлүмү аркылуу «Кризистик борбор» курууга жер аянтынын документациясына – 40 000 сом;
37) Прожектор алууга – 100 000 сом;
38) Китепкананын фондуна – 10 000 сом;
39) Спорт мектебине инвентарь алууга – 100 000 сом;
40) Азия чемпионатына барып келүү үчүн – 40 000 сом;
41) ИИОнун багар-көрөрү жок ардагерине там салуусуна жардам берүү үчүн – 100 000 сом;
42) Ит атууга – 30 000 сом;
2. 2021-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 167 984(бир жүз алтымыш жети миң тогуз жүз сексен төрт) сом 25 тыйын айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак ашы үчүн пайдаланылсын;
3. Республикалык бюджеттен жана өз ара эсептешүү жолу аркылуу келип түшүүчү 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражаты Ат-Башы айылынын башкы планын (генплан) түзүүгө каржыланып берилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
Т. Ыдырысов |