Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 8-7
Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Райондун аймагындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, үй жайы, багаар-көрөөрү жок адамдардын, турмуштун оор кырдаалына, зордук зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган адамдардын коопсуздугун, саламаттыгын сактоо үчүн убактылуу жайгаштыруу максатында райондун борборуна «Кризистик борбор» ачуу зарылчылыгы жөнүндөгү Ат-Башы райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Султангазы уулу Тилектин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылына «Кризистик борбор» куруу үчүн Ат-Башы айыл аймагынын «Улан-2» жаңы конушунан 700 чарчы метр жер тилкеси бөлүнүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнчабашкы адиси Б. Жунусалиевге милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
Т. Ыдырысов |