Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 29-январы № 7-4
Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасын жоюу жана Ат-Башы айылындагы №4001 «Токой» шайлоо участкасын эки шайлоо участкага бөлүү жөнүндө
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын №76 сунуш катын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасында 5 шайлоочу катталып, бирок шайлоого толугу менен катышпагандыгына байланыштуу Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасы жоюлсун;
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2500 шайлоочудан ашып кеткендигине байланыштуу Ат-Башы айылынын №4001 «Токой» шайлоо участкасы эки участкага бөлүнүп, эки шайлоо участкасы ачылсын;
3. Ат-Башы айылынын бөлүнгөн эки шайлоо участкаларанын чек араларын тактоо иштери Ат-Башы айыл өкмөтү жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасынын орун басары |
К. Асанбаева |