Загрузка документа…
УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Учкун айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXX чакырылыштагы кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 22-февралы № 1/2
2020-жылдын Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө
2020-жылдын Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. 2020-жылдын Учкун айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Учкун айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин кирешелер бөлүгү боюнча 9962.7 мин сом, атайын эсеп-520.0 мин сом жалпы баары 10482.7 мин сом, чыгашалар бөлүгү 10482.7 миц сом өлчөмүндө смета бектилсин.
3. Учкун айыл өкмөтүнүн 2022-жылга кирешелер боюнча болжол - 13470.0 мин сом суммасында 2023-жылга 13520,0 мин сом жергиликтуу бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын.
4. Саматектун башына там салуу боюнча 0,89(ноль сексен тогуз)га комиссиянын чечими менен макулдук берилсин.
5. Балдар бакчаларга ата-энелерден алынуучу төлөм 500 сом ар бир айдын 5- числосунан кечиктирилбестен ошол ай учун толук төгүп туруу жана 150 баланы толук кабыл алуу балдар бакчасынын башчылары (Т.Тоскобаева, Т.Мамырбаева) милдеттендирилсин жана акча каражатты убагында токпосо чара көрүлсүн.
6. БСР ге Сокеев Анарбектин аты берилсин, айлана тегерегин тосуу, тактага атын жазуу өзүнө милдеттендирилсин.
7. Салыктын отчеттулук мөөнөтү 1-июльга чейин узартылсын.
Жер салыгынын базалык ставкасы 100 сомдон бекитилсин.
Ap бир жашоочуга- таштанды үчүн 10 (он) сом.
Ишкердик үчүн арналган имарат ээлери -20 сом м.кв бекитилсин.
8. Куланак айылынын тургуну Т.Токтомушовдун “Кум-Булуң” участкасынан 0,45га жер өз менчигине бекитип берүү боюнча арызы канааттандырылып бекитилип берилсин.
9. Учкун айыл аймагынын Жер боюнча комиссиясынын 18.02.2021-ж Токтому жана 2021-2026-жылга карата түзүлгөн “Келечек планы” бекитилсин.
10. Учкун айылдык Кеңешинин төрагасы Э. Исмаиловго эмгек акысы 3 жылга 15 (он беш) мин сом төлөнүп берилсин.
11. Жайыт бирикмесинен түшкөн салыктар толугу менен жайыт бирикмесине которулуп берилсин.
12. Учкун айылдык Кеңешинин кирешелердин түрлөрү боюнча планды аткаруу салык адис С. Жээналиевге, статист Э.Абдырасуловга жана жайыт комитетинин төрагасы Ф.Абдыжакыповго милдеттендирилсин. Ал эми пландардын аткарууга чара көрүү, токтомдун аткарылышы финансы бөлүмүнүн башчысы И. Асанбаевге милдеттендирилсин.
13. Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесинин эски строй материалдарын тактап чыгуу ФЭБ башчысы И.Асанбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өкмөт башчы Т.Мадылкановго жүктөлсүн.
14. 2019-2020-жылдарга тиешелуу адамдарга “Ардактуу атуул” наамын беруу жагы каралсын.
15. Учкун айыл өкмөтүнүн кеңсесине кароолчу кызматы жана тазалоочу I штаттык бирдик болуп, бирок айлык акылары 0.5 ставка менен 2 ге бөлүнүп берилсин. Аткаруу жагы ФЭБ башчысы И.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Учкун айылдык Кеңешинин тɵрагасы: | Э. Исмаилов. |