Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXI кезектүү сессиясы
2020-жылдын 21-августу № 124
Ак-Жар кайрымдуулук өнүгүү фондун ачуу жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагына «Ак-Жар өнүктүрүү кайрымдуулук фондун» уюштуруу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагына «Ак-Жар өнүктүрүү кайрымдуулук фондун» уюштурулсун жана юридикалык каттоодон өткөрүү боюнча иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөт кызматкери Э.Бактыбекова милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |