Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXI кезектүү сессиясы
2020-жылдын 21-августу № 125
Ак-Жар айыл аймагына заманбап спорт комплекс салуу боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагына заманбап спорт комплексин салуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмоновдун сунушун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагындагы Жанаалы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин короосуна заманбап спорт комплекс салынсын.
2. Заманбап спорт комплексинин архитектуралык документацияларын долбоордук иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөт башчысы У.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |