Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXI кезектүү сессиясы
2020-жылдын 21-августу № 129
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Ж.Төлөбаев арызы боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Э.Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXI кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын «Жалгыз-Булак» участкасындагы эски асфальтын кун баштыш тарабындагы булактын жээгинен жалпы 0,70 га жер аянты балык чарбасын өстүрүү жана туризмди өнүктүрүү үчүн 5 (беш) жылдык мөөнөт менен айыл тургуну Ж.Төлөбаевдин ижарага берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап тиешелүү документер менен камсыз кылуу жана келишим түзүү Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго жана Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |