Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXII кезектүү сессиясы
2020-жылдын 23-декабры № 131
Ак-Жар айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программасына кошумча планды киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXXII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаты Г.Максүтованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXXII кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын 2019-жылы бекитилген социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программасына Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин имараттынын ичине ички даараткана салуу боюнча БУУнун аялдарды колдоо секторунун элет жерин өнүктүрүү боюнча долбооруна сунуштама берип жаткандыгына байланыштуу айыл аймагынын өнүктүрүү боюнча программасына кошумча план, болуп киргизилсин.
2. Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин имаратына ички даараткана салуу боюнча БУУнун аялдарды колдоо секторунун элет жерин өнүктүрүү программасы тарабынан колдооого алынса Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан колдоо көргөзүлсүн.
3. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтү жащыртылган социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча программасынын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү, мамлекетик укук чененмдик актылар реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |