Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXVIII кезектүү сессиясы
2021-жылдын 12-январы № 134
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2022-2023-жылдарга карата болжолдуу сметалык планын бекитүү жөнүндө
2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык 6753,9 миң сом
Теңдештирилген грант 5081,3 миң сом.
Баары 11835,2 миң сом
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ.
701 Башкаруу аппаратына 8450,1 миң сом.
704 Экономикалык маселелер (жайыт) 495,0 миң сом
708 Маданият 1012,2 миң сом.
709 Билим берүүгө 1477,9 миң сом
Атайын каражат 400,0 миң сом.
Баары 11835,2 миң сом.
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттык бирдигине ылайык кызматкерлердин эмгек акысы 14-айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине КРнын өкмөтүнүн № 258 токтомунун негизинде эмгек акысына кошумча пайыздар төлөнсүн.
3. Айыл өкмөтүнүн кызматтык автомашинасына пайдалануу үчүн күйүүчү майына тиешелүү 100,0 сом акча каражаты бөлүнсүн.
4. Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ |
Аталышы | Жылдар | ||
2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | ||
1 | Жергиликтүү киреше | 6855,9 | 6936,9 |
|
2 | Тендештирилген грант | 5247,3 | 5297,5 |
|
3 | Жалпы киреше | 12103,2 | 12234,4 |
|
5. Айылдык кеңештин депутаттары бекитип берген акча каражаттары КРнын «Бюджеттик кодекс» жөнүндө мыйзамынын негизинде чыгымдоо жагы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Аттокуровго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У. Осмоновго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |