Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXVIII кезектүү сессиясы
2021-жылдын 12-январы № 135
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн счетунда 2020-жылдын бюджетинен 1-январь 2021-жылга калдык болуп калган 1 182 338 сом 00 тыйынга жана атайын счетто калдык болуп калган 67131 сом 75 тыйын акча каражатына кошумча план бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXVIII кезектүү сессиясында 1-январь 2021-жылга калган 1 182 338 сом 00 тыйын акча акча каражатына жана атайын счетто калдык болуп калган 67131 сом,75 тыйын акча каражатын чыгымдоо боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Уланбек Осмонов Келдибековичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXVIII кезектүү сессиясы токтом кылат.
2021-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн счетунда жана атайын счетто калдык болуп калган акча каражаттар төмөндөгү максаттарга жумшалсын.
1. Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акысына 10905 сом анын ичинен эмгек акысына 9300 сом, социалдык фонд үчүн төлөмүнө 1605 сом.
2. Айылдын ардактуу атуулу медалдарын, төш белгилерди, ардак грамоталарды жасатуу үчүн сыйлыктарга 60000 сом.
3. Айыл өкмөтүнө орг техникаларды сатып алууга 284000 сом.
4. Жаңы конушка ген план, топо сьемка жасатуу үчүн 500000 сом.
5. Айыл ичиндеги прожекторду орноткон кызматы үчүн 28000 сом.
6. Көчөлөргө чырактарды сатып алуу үчүн 250 000 сом.
7. Айыл өкмөтүнө эмерек алуу үчүн 49433 сом.
8. Балдардын тамак-ашына (атайын каражат) 67131 сом.
Бул токтомдун ишке ашырылышын камсыздоо жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы У. Осмоновго тапшырылсын.
Токтомдо көрсөтүлгөн сметаны бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |