Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХXIX кезектүү сессиясы
2021-жылдын 6-марты № 138
Ак-Жар айыл аймагынын карамагында турган баардык жер аянтарын ижарага берүү жана менчик укуктарын карап чечип берүү боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXXIХ кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы Э.Осмоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXXI Х кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Жар айыл аймагынын карамагында турган алыскы, ички жана муниципалдык жер аянтарын ижарага берүү жана жеке менчик укуктарын карап чечип берүү боюнча иш алып баруу Ак-Жар айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап тиешелүү документер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөт кызматкерлерине, жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Осмонов жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрагасы | Э.Осмонов |