Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 6/2
Кочкор айыл аймагын жарыктандыруу үчүн каралган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн 15-январь 2021-жылга карата жарыктандыруу үчүн каралган 1000,0 (миллион) сом акча каражатын, «Сейил» парктын тегерегин тосуу үчүн багытын өзгөртүп берүү боюнча депутаттардын жана Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловдун сунушун карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин 15-январь 2021-жыл үчүн бекиген жергиликтүү бюджети боюнча токтомуна өзгөртүү киргизилип, статья 3112 жарыктандыруу үчүн каралган акча каражатынын багыты «Сейил» парктын тегерегин тосуу үчүн которулуп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын которуп иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орун басар | Э.Э. Эрмекова |