Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 6/3
Кара-Жылга жайлоосундагы, жайыт алдындагы кыйыр пайдалануу максатта чабынды жерлерди арендага берүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагындагы Кара-Кужур өрөөнүнүн Кара-Жылга жайлоосундагы жайыт алдындагы кыйыр пайдалануу максатта чабынды жерлерди арендага берүү үчүн депутат жана Жайыт комитетинин төрагасы А.Осмоналиевдин сунушун карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагындагы Кара-Кужур өрөөнүнүн Кара-Жылга жайлоосундагы жайыт алдындагы кыйыр пайдалануу максатта чабынды жерлери ошол жерде жайлаган чабандарга 1 жылга ижарага берилсин.
2. Бул жерлерден түшкөн ижара акысы Кочкор айыл аймагынын киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жумшалсын.
3. Жогорудагу жерлерди ижарага берүү менен келишимдерин түзүп иш алып баруу Жайыт комитетинин төрагасы А.Осмоналиевге тапшырсын.
4. Токтомдун аткарылышын жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына.
Орун басар | Э.Э. Эрмекова |