Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 6/5
Кочкор айыл аймагындагы Большевик айылындагы парк үчүн каралган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн 15-январь 2021-жылга карата Большевик айылына паркты уюштуруу үчүн каралган 300,000 (үч жүз миң) сом акча каражатын, Большевик айылындагы футболдук аянтчага багытын өзгөртүп берүү боюнча депутаттардын жана Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М.Исраиловдун сунушун карап, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин 15-январь 2021-жыл үчүн бекиген жергиликтүү бюджети боюнча токтомуна өзгөртүү киргизилип, статья 3112 Большевик айылына парк уюштуруу үчүн каралган акча каражатын Большевик айылындагы фудболдук аянтчага которулуп берилсин.
2. Жогорудагы акча каражатын которуп иш алып баруу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет,экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орун басар | Э.Э. Эрмекова |