Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 8-июлу № 4/4
Кочкор айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн жер аянтынын өлчөмүн бекитүүнү элдик талкууга алуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагында калктуу конушту кеңейтүү максатында трансформацияга сунушталган 83,5га жер аянтын тургундарга турак - жай куруу боюнча айыл өкмөт башчысы М. Исраиловдун жана депутаттардын сунуштарын угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагында трансформацияга сунушталган 83,5 га жер аянттары Стадион участкасы 35 га
Ак-Кырчоо участкасы 20 га
Уй-сарай участкасы 28,5га аянттары элдик талкууга коюлсун.
2. Элдик талкууну мыйзам чегинде уюштуруп откоруу Кочкор айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |