Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын II отуруму
2021-жылдын 16-июлу № 4/5
Кочкор айыл аймагынын Теңдик айылынын тургундарына таза суу системасын жакшыртууда суу эсептегичин орнотуу жөнүндө
«ФСДС» Коомдук фонду Теңдик айылына таза суу системасын оңдоп түздөөгө сунушталган долбоордо ар бир түтүнгө суу эсептегичин орнотуу керектиги боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. Исраиловдун жана Теңдик айылынын айыл башчысы А. Курмановдун сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Теңдик айылынын таза суу пайдалануучулары пайдаланган таза суу үчүн акы төлөө жана үнөмдүү пайдалануу максатында айылдын тургундарынын суу түтүктөрүнө «ФСДС» Коомдук фондунун талабы боюнча суу эсептегичтери коюлсун
2. Бул боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу Теңдик айыл башчысы А. Курмановго тапшырылсын
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |