Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 29-июлу № 5/2
Кочкор айыл аймагынын тургундарына турак-жай куруу үчүн жер аянтынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагында калктуу конушту кеңейтүү максатында трансформацияга сунушталган 83,5га жер аянтын тургундарга турак – жай куруу максатында кесип берүүдө жер өлчөмүн белгилөө боюнча айыл өкмөт башчысы М. Исраиловдун жана депутаттардын сунуштарын талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагында трансформацияга сунушталган 83,5 га жер аянттары;
- Стадион участкасы 35 га: - 6 сотыхдан;
- Ак-Кырчоо участкасы 20га: -6 сотыхдан;
- Уй-Сарай участкасы 28,5 га; - 6 сотыхдан бөлүнүп берилсин.
2. Трансформацияга сунушталган жер аянттары жана мыйзам чегинде иш иш алып баруу өкмөт башчысы М. Исраиловго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер жана муниципалдык менчик, экологиялык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |