Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 29-июлу № 5/3
Көбөгөн-Сай аймагына балдар бакчасы үчүн жер аянттын бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагында Көбөгөн-Сай аймагындагы тургундардын жана депутаттар М. Барктабасов, У. Кармышов жана Б. Сламовдордун Ак Мечиттин чыгыш-туштук тарабындагы жолду жабуу жана бала бакча куруу боюнча сунуштарын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Көбөгөн-Сай аймагындагы мечиттин чыгыш тарабындагы Көбөгөн-Сай көчөсү менен Молдо Кылыч көчөсүн бириктирген Ак-Мечит көчөсүнүн түштүк бөлүгү жабылсын.
2. Кочкор айыл өкмөтүнө көчөнүн бул бөлүгүнүн ордуна бала-бакча куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө уруксаат берилсин.
3. Бул жер аянттына сунуш берүү Кочкор райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, каттап берүү жагы «Кадастр» Мамлекеттик каттоо мекемесинен суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |