Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 29-июлу № 5/4
Кочкор айыл аймагындагы маданият үйүнүн алдына Т.Усубалиевдин айкелин орнотуу үчүн жер аянттын бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагындагы маданият үйүнүн алдына Т. Усубалиевдин айкелин орнотуу үчүн Кочкор айылдык кеңешини депутаты Т.Ж.Балкыбековдун жана маданият үйүнүн кызматкерлеринин сунуштарын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагындагы Маданият үйүнүн алдына Т.Усубалиевдин айкелин орнотуу үчүн тийиштуу жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул жер аянттына сунуш берүү Кочкор райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, каттап берүү жагы «Кадастр» Мамлекеттик каттоо мекемесинен суралсын.
3. Т.Усубалиевдин айкелин орнотуу жердин документтерин жана тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү айыл өкмөт башчысы М. Исраиловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |