Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 2/3
Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларын түзүү боюнча сунуштарды талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялары төмөндөгү курамда бекитилсин:
1.1. Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия:
Курманбаева Жумагул
Орозахунова Света
Имангазиев Жаныбек
1.2.Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия:
Жумагулов Тынчтык
Сламов Бакыт
Муратбек кызы Салтанат
1.3.Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия:
Барктабасов Мунарбек
Кармышов Улан
Нурманбетов Самед
Тойтоев Эстен
Осмоналиев Алымбек
Сакыева Нуржан
Жаналиева Гүлмира
1.4.Билим берүү, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия:
Зайналабдилов Эрнис
Жумамидинова Жылдыз
Каирова Бурул
1.5. Өнөр жай, инвестиция тартуу жана жаштар иштери боюнча:
Балкыбеков Тилек
Исраилов Мирлан
Акимканов Урмат
2. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагалары комиссиянын ичинен шайлансын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |