Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 2/4
Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагаларын бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин регламентине ылайык Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын төрагасын түзүү боюнча сунуштарды карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мызамынын 36-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялырынын төрагалары төмөндөгүлөр бекитилсин.
1.1. Имангазиев Жаныбек Бейшекеевич - регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
1.2. Жумагулов Тынчтыкбек Кубанычбекович - айыл чарбасы , экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
1.3. Барктабасов Мунарбек Чынарбекович - бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
1.4. Зайналабдилов Эрнисбек Зайналабдилович - билим берүү, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
1.5. Акимканов Урмат Баяманович – өнөр жай, инвестиция тартуу жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |