Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 2/6
Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнүн Кочкор айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Осмоналиевдин маалыматын угуп, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү жайыт билетинин эсебинен чогултулган каражат 600,0 (алты жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин чыгымдар бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Башкаруу аппараты
Жайыт салыгы-138 231 сом (0,4 пайыз менен 144,0)
Эмгек акы үчүн- 131 080,0 сом (4 адамга ар бирине 27118 сомдон бир жылга)
Соц.фондго чегерүү- 17,25% ,10 %, ичинде 22611
Командировкалык чыгым-15000сом
Ар кандай чыгымдар -24 869,0 сом
Канцелярдык буюм алууга -5000 сом
Транспорт чыгымы-25000 сом
Ремонт иштерине-5000сом
Жайыт жакшыртуу-133209 сом
Анын ичинен: жол оңдоого жана труба алуу үчүн -96684сом, бел ачууга-10000 сом, мониторинг жүргүзүү-26522 сом
Техника алууга-100 000
Баардыгы-600 000
3. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жургузуу жайыт комитетинин төрагасы Осмоналиев Алымбек Медетовичке жана эсепчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |