Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2021-жылдын 28-майы № 2/7
Кочкор айыл өкмөтүндө 2021-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелери жана тарифтери жөнүндө
Жайыт комитетинин Кочкор айыл өкмөтүндө 2021-жыл ичинде жайыт пайдалануу эрежелерин жана тарифтерин бекитүү маселесин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жайыт акылары жайыт акы жайыт пайдалануучулардан алына тургандыгы белгиленсин. (малчы, бадачы). Жайыт акыны 2021-жылдын октябрь айына чейин толук чогултуп бүткөрүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.
2. Малдын түрүнө жараша алынуучу акы төмөндөгү тартипте бекитилсин:
Бир баш бодого шарттуу саны 1 -70 (жетимиш) сом
Бир баш жаш бодого шарттуу саны 0,7 – 50 (элүү ) сом
Бир баш кой, эчкиге шарттуу саны 0,2 – 15 (он беш) сом
Бир баш топозго шарттуу саны 1 – 500 ( беш жүз ) сом
Башка айыл өкмөтүнөн алынган малга жайыт акысы 2,5 эсе өлчөмүндө алынат жана эмделгендиги тууралуу маалымат кагаздары менен биргеликте алынат.
3. Малчынын эмгек акысы:
Бир баш бодого-400 (төрт жүз) сом
Бир баш кой, эчки-Большевик айылынынкы 45 (кырк беш) сом өлчөмүндө, ал эми Теңдик айылында 50 (элүү) сомго белгиленсин:
4. Койду кыркуу акысы :
Бир баш койго – 45 (кырк беш ) сом.
5. Көчүү конуу режимдери төмөндөгүдөй тартипте жөнгө салынсын:
Жалпы ички жайыттар жана Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнүндөгү жайыттар жай мезгилинде (июнь айынан баштап октябрь айына чейин) жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныгууга калтырылсын. Тестөөр жайлоосунан 1 жайыт пайдалануучу калат. Жакынкы жайытты пайдалангандыгы учун өзү билемдик менен малын чыгаргандарга 4 – категориядагы айып пул салынсын.
6. Жазгы жайыттарга көчүү мөөнөтү 10 -апрелге чейин, Жазгы жайыттардан алыскы жайыттарга отуруу май айынын аягынан баштап 10- октябрына чейин белгиленсин. Ал эми Кара-Кужур, Сары-Булак өрөөнү боюнча 1-июндан баштап 10 –сентябрга чейин белгиленсин.
7. Жайыттарды, чабындыларды, айдоо жерлерди белгиленген режимин бузуу учурлары катталган учурда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык төмөндөгүдөй чаралар көрүлөөрү жайыт пайдалануучуларга эскертилсин:
Жайыт комитетинин талабын аткарбай алыскы жайыттарга көчпөсө, жайлоодон эрте түшсө жана жайыт акысы менен мурунку жылдар учун эсептешпей, жайыт билетин узартпай кетсе жайыт берилбейт жана 4- категориядагы айып салынат.
Башка айыл өкмөттөрдүн жашоочуларынын (каттоосу башка айыл өкмөтүндөгү) малдарын жана малдарын толук каттатпагандарга 4- категориядагы айып салынат.
Малдарын эгинге, айдоо аянттарына, чөпкө, жайыттарды которуштуруп пайдаланууга калтырылган жерлерге киргизип же жайлоодон эрте түшүп тартипти бузгандарга салынуучу айыптардын өлчөмдөрү :
-Бодо малдын башына:
-Бодого биринчи жолу 1000 сом;
-Кой-эчкиге айыптын өлчөмү:
-Кой, эчкиге -100 сом
8. Эгиндерге, чөп чабындыларга келтирилген чыгымдын ордулары зыян тарткан тарапка малдын ээсинен же күнөөлүү тараптан толук өндүрүлүп берилет.
9. Бул токтомду Эмгек-Туусу газетасына жарыялоо, малчылар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Э. Эшмукамбетов |