Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXX сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 60/3
Аситов Алмас Төлөковичтин мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндө
№ 4138 Теңдик шайлоо окуругунан депутаты Аситов Алмас Төлөкович муниципалдык кызматка дайындалгандыктан, мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатынан тапшырууну сурап жазган арызын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. № 4138 Теңдик шайлоо округунан депутат Аситов Алмас Төлөкович депутаттык мандаты өз калоосу менен тапшырылсын.
2. № 4138 Теңдик шаайлоо окуругунан кийинки тизмедеги депутатты бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Т. Балкыбеков |