Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2021-жылдын 14-майы № 1/4
Кочкор айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүү жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинини 4,5,6,7-пункуттарына ылайык жана Кочкор айылдык кенешинин Регламентинин 5-главасынын негизинде депутат Э.Зайналабдиловдун жана депутаттык топ С.Нурмамбетов, У.Кармышов, У.Акимканов, Муратбек кызы С., Б.Сламовдордун сунушу менен сунушталган депутат Т.Ж.Балкыбеков жана депутат Э.Эшмукамбетовдорго жүргүзүлгөн шайлоонунун жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 14-май 2021-жылдагы №1 протоколун угуп, Кочкор айылдык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
1. Кочкор айылдык кеңешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясынын 14-май 2021-жылдагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Кочкор айылдык кеңешинин депутаттарынын көпчүлүк 12 добушун алган депутат Эшмукамбетов Эрлан Эшмукамбетович төрага болуп шайланды деп табылсын.
2. Бул токтом Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
Төрага | Ж. Курманбаева |