Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 58/7
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Көл-Үкөк өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагынан ГЭС куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Көл-Үкөк өрөөнүнүн Көк-Кыя аймагынан ГЭС куруу үчүн (49) жылдык мөөнөткө жер аянтын бөлүп берүүнү сураган “Кочкор ГЭС” ЖЧКсынын директору Н.Р.Ирсалиевдин кайрылуусун карап, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
“Кочкор ГЭС” ЖЧКсы Кочкор айыл өкмөтүнүн Көл-Үкөк өрөөнүнүн “Көк-Кыя” аймагынын №564- контурунан суу электр чордонунун имаратын куруу үчүн 0,5 га жер тилкесин, “Тестөр” суусунун Көл-Үкөк өзүнө болгон куюлмасынын күн батыш тарабынан №711- контурунан, сайдын нугунан башкы гидротехникалык курулманы куруу үчүн 0,5га жер тилкесин, башкы гидротехникалык курулма менен суу электр чордонунун имаратына чейин кошумча узундугу 5000м, туурасы 4м, болгон 2,0га болгон жер тилкесин оргутуучу суу түтүгүн жайгаштыруу үчүн жалпы аянты 3,0га болгон жер тилкелерин (49) жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде ижарага берүү жагы Кочкор айылдык кеңешинин Үкөк шайлоо окуругунан шайланган депутаттарынын сунуштарынын негизинде убактылуу токтотулуп турсун.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |