Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXX сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 60/2
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу “Сейил ” паркынын жайгашкан эскилиги жеткен бактарды кыркууга уруксаат берүү жөнүндө
Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил» паркынын чыгыш тарабындагы Беш-терек көчөсү тар болуп жаткандыгы боюнча жарандардын кайрылуусунун негизинде, оңдоо иштери башталып, парктын чыгыш тарабындагы дубалдарын жылдырууга жолтоо болгон 20 түп бакты кыркууга, ошондой эле парктын ичиндеги эскилиги жетип элдерге коркунуч жаратып жаткан 40 түп бакты декаративдүү кылып кыркууга уруксаат берүү боюнча кайрылган парктын директору А. Жангабыл уулунун билдирүүсүн карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил» паркынын чыгыш тарабында жайгашкан жана эскилиги жеткен бактарды кыркууга уруксаат берүү жагы Нарын облустук курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынан суралсын.
2. Эскилиги жеткен бактарды кыркуу иштери Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил» паркынын директору Жангабыл уулу Азатка тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М. Исраиловго милдетендирилсин.
Төрага | Т. Балкыбеков |