Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXX сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 60/5
Кочкор айыл аймагына светофор коюу жөнүндө
Кочкор айыл аймагында светофор коюу маселесин карап, талкуулап « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагына караштуу Теңдик айылынын Т. Усубалиев көчөсү менен Оро-Башы көчөсүнүн кесилишине жана Т.Усубалиев көчөсү менен Ичке-Булак көчөсүнүн кесилишине Кочкор районунун Ички иштер бөлүмүнүн Жол кайгуул кызматкерлеринин макулдугунун негизинде светофор орнотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |