Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXX сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 60/7
Теңдик айылынын «Жылуу-Суу» участкасындагы №620, 631 контурларындагы 5,2 га жайыт жерин маркумдардын сөөгүн коюуга айыл чарбалык эмес жерлердин түрүнө которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-ж. «Жер участокторду которуу» (трансформациялоо) жөнүндөгү №145 Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесин жана Кочкор айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 01.03.2021-жылдагы «Жылуу-Суу» участкасындагы 5,2 га жер аянтына изилдөө жүргүзгөн актысын жетекчиликке алып, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институту мамлекеттик ишканасынын 06.08.2019-ж. №01-30\502 -каты менен аныкталган №620, 631-контурларындагы 5,2га жайыт жерине маркумдардын сөөгүн коюга айыл чарбалык эмес жерлердин категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2019-ж. №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу» (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобого ылайык укук аныктоочу документтерин топтоону жана топтолгон материалдарды райондук мамлекеттик администрациясына жер участокторду которуу (трансформациялоо) иштерин жүргүзүү комиссиясына сунуштоо жагы Кочкор айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кочкор айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |