Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXV сессиясы
2020-жылдын 25-сентябры № 55/2
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Т.Усубалиевдин айкелин жасатуу үчүн каралган 1 млн акча каражатын жана көрүстөндү тостууруга каралган 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү маселесин карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Усубалиевдин айкелине каралган 1 млн жана көрүстөндү тостурууга каралган 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгү таблицага ылайык бөлүштүрүлсүн:
№ | Аталышы | Суммасы |
1 | Кочкор Тазалык муниципалдык ишканасына жазгы жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө кеткен чыгымдар үчүн, сметага ылайык | 490 573 |
2 | И.Арабаевага атындагы орто мектебинин ажатканасына | 154,0 |
3 | Социалдык жардамга муктаж адамдарга | 87,0 |
4 | Полигонду рекультивациялоого | 168 427 |
5 | Теңдик айылынын жаштар борборуна брусчатка жаткырууга | 45,0 |
6 | Большевик айылынын бала бакчасынын жылытуу системасына | 45,0 |
7 | Эрежесиз эр мушташ спорт залына, электро энергиясы жана аренда акысы үчүн | 100,0 |
8 | COVID-19 инфекциясы күч болуп жаткан убакта өз өмүрүн тообокелге салып иштегендиги үчүн Жаналиева Гүлмирага Кеңеш тарабынан акчалай сыйлык үчүн | 10,0 |
9 | И.Өмүров көчөсүндө жайгашкан эски мүрзөнүн тегерегин тозууга | 100,0 |
2. Акча каражатынын багытын өзгөртүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн бөлүмүнүн башчысы Г.Калыковага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |