Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXV сессиясы
2020-жылдын 25-сентябры № 55/3
Ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин коюу жөнүндө
Кочкор айылынын М.Кулубеков жана Гагарин көчөлөрүнө асфальт төшөлүп жаткандыгына байланыштуу көчөнүн тургундары көчөгө ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин койдуруп берүү жөнүндө жазган арызын карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын М.Кулубеков жана Гагарин көчөлөрүнө ылдамдыкты азайтуучу дөңсөөлөрдү коюуга уруксаат берилсин.
2. Ылдамдыкты азайтуучу жол белгилерин орнотуу боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт авто жол башкармасы Д.Алканов атындагы № 955 жол тейлөө мекемеси менен макулдашып иш жүргүзүү Кочкор айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |