Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXV сессиясы
2020-жылдын 25-сентябры № 55/4
Акча каражаты жөнүндө
Кум шагыл төгүү үчүн каралган акча каражатынын ичинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын Большевик айылына парк уюштуруу жана тосуу иштерине которуп берүү жөнүндө Большевик айылынын депутаттарынын сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кум шагыл төгүү үчүн каралган акча каражатынын ичинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты Большевик айылына парк уюштуруу жана тосуу иштерине каралып берилсин.
2. Акча каражатын которуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |