Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXVII сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 57/2
Акча каражаты жөнүндө
Кочкор Тазалык муниципалдык ишканасына, Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин жылытуу системасы жарактан чыккандыгын жана И.Арабаев орто мектебине ажатканасына акча каражатын карап берүү маселесин талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор Тазалык муниципалдык ишканасына 3 570 000 (үч милион беш жүз жетимиш миң) сом акча каражаты жана өзгөчө кырдаалга 650 000 (алты жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |