Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXVIII сессиясы
2021-жылдын 15-январы № 58/4
Бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражаты жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана салык, жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясынын Кочкор айыл аймагындагы бала бакчалардын атайын эсебиндеги бош калган каражатын бөлүштүрү боюнча сунушун карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу»жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бала бакчалардын атайын эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына бош калган сумма 1832269 (бир миллион сегиз жүз отуз эки миң эки жүз алтымыш тогуз) сом 54 тыйын акча каражаты бала бакчалардын тамак аш менен камсыз кылууга жана ар кандай чыгымдар үчүн бөлүнсүн.
№ | Аталышы | суммасы |
2215 | ар кандай чыгым учун 830*550с | 456500 |
2218 | Тамак-ашка | 1375769,54 |
| Баардыгы | 1832269,54 |
2. Бул токтомдун аткарылышын, ушул токтомдо каралгандардын чыгымдалышына көзөмөл кылуу Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Исраилов Мирлан Мажитовичке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ж. Балкыбеков |