Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айылдык кеӊешинин 18-чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы
2021-жылдын 27-июлу № 4/1
Мамлекеттик органдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым ыйгармы укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 19, 62-2-беренесине ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтү сунуштап жаткан Кара-Суу айыл аймагынын муниципалдык жолдорунун айрым бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | Ж. Иманкулов |