Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-февралы № XXXV/2
Баетов айыл аймагындагы бала бакчалардын тарбиялануучулар үчүн төлөм акыны бирдей тартипке келтирүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясынын XXXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагындагы бала бакчаларда тарбиялануучулар үчүн төлөм акыны алуу жагы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-ата-энелер менен келишим түзүлсүн;
-эгерде тарбиялануучунун ооруугандыгы тууралуу справкасы жана өргүүгө жазылган арызы болсо акы төлөнбөй тургандыгы белгиленсин.
-эгерде ата-эне балдарын бала бакчасына себепсиз жибербесе айына 500 (беш жүз) сом төлөм акыны толук төлөөсү милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун негизинде төлөм акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу жагы бала бакчалардын директорлоруна тапшырылсын.
3. Ата-энелерден алынуучу төлөм акынын отчетун ар бир айдын 5инен кечиктирбестен берүү жагы тарбиячыларга милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Капарбек уулу Б. |