Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № XXXVI/1
Жайыт комитетине АРИС мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү долбоору тарабынан алынып келинген Авердин-Ангус породасындагы асыл тукум букалардын кызмат көрсөтүү акысын бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XXXVI cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагына алынып келинген Авердин-Ангус породасындагы асыл тукум букалардын кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
-Авердин-Ангус породасындагы асыл тукум букалардын бир баш уйду куудурганы 800 (сегиз жүз) сом болуп бекитилсин.
(бекитилген 800 сом акча каражатынын ичинде багуу акысы, тоюту жана ветеринардык эмдөө кызматтары ичинде)
2. Бекитилген кызмат көрсөтүү акысына ылайык иш алып баруу жана түзүлгөн келишимге өзгөртүү-толуктоо киргизүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Ташматовго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |