Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № XXXVII/2
“Талаа-Булак” СПАсында 2018-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө
“Талаа-Булак” СПАсында 2018-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Талаа-Булак” СПАсынын жетекчиси Акматов Бактыбектин 2018-жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. ”Талаа-Булак” СПАсынын жетекчисине төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын.
-сугат акыдан өнбөй калган акча каражатын толугу менен чогултуу;
-“Талаа-Булак” СПАСынын бюджетинен каралган статьяларды толугу менен пайдалануу
3. ”Талаа-Булак” СПАсына Кара-Чийдеги дамбанын астына арык куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 15,0 мин (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык курулуш, айыл чарба транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |