Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № XXXVII/3
Жайыт комитетинде 2018-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө
Жайыт комитетинде 2018-жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XXXVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин жетекчиси Ташматов Жээнбектин 2018-жыл ичинде аткарылган иштери тууралуу отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Жайыт комитетинин жетекчисине төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын.
-карышкыр атууну уюштуруу, белгиленген акча каражатын өз убагында берүү;
- карышкыр атуу декабрь, январь, фераль, март айларына белгиленсин.
-муниципалдык менчиктеги ветсервисте бадачылар менен бирдикте иш алып баруу;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык курулуш, айыл чарба транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |