Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-июлу № XXXIX/1
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен келишим түзүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө“ токтомунун негизинде Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтү Ак-Талаа району боюнча мамлекеттик салык башкармалыгы менен келишим түзүлүп, бекитилсин.
2. Жергиликтүү оз алдынча башкаруу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен кирешелер боюнча жетектөөчү жана кирешелер боюнча адис кызмат ордуларына берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды республикалык бюджеттен карап берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын
Төрага: | Б.Капарбек уулу |