Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры № XXXXI/1
Баетов айылындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндө
Баетов айылындагы аты жок көчөлөргө наам берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын ички көчөлөрүнө наам берүү боюнча комиссиясынын сунушуна ылайык, Исабеков Таштанбектин үйүнөн күн батышты карай Касымов Иличбектин үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу ветеран маркум Абдрахманов Алпамыштын наамы берилсин.
2. Абдрахманов Алпамыштын наамы берилген көчөгө ар бир үйгө табличкаларды илүү, жарыктандыруу, көчөгө көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштерин жыл сайын жүргүзүү, шагыл төгүү тазалыгын дайыма кароо жана башка жумуштарын аткаруу жагы маркумдун уул-кыздарына милдеттендирилсин.
3. Баетов айылындагы наам берүү боюнча Жобого ылайык иш алып баруусун көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |