Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-сентябры № XXXXII/1
Баетов айылындагы Ажиев Дербишкан көчөсүндө жайгашкан эски пайдаланылбай турган имаратты Ак-Талаа аймактык ооруканасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Баетов айылындагы Ажиев Дербишкан көчөсүндө жайгашкан эски пайдаланылбай турган имаратты Ак-Талаа аймактык ооруканасынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы Ажиев Дербишкан көчөсүндө жайгашкан эски пайдаланылбай турган имаратты Ак-Талаа аймактык ооруканасына сырттан келген жаш медицина кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу жана жашоо шартына өбөлгө түзүү максатында имаратты өткөрүп берилсин.
2. Имаратты өткөрүп берүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
3. Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын балансасына имарат гана өткөрүлүп берилип, имаратка тиешелүү жер аянты муниципалдык менчикте калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн орун басарына жана социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |