Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-декабры № XXXXIII/1
“Тынчтык” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
Баетов айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезектеги XXXXIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылындагы “Тынчтык” балдар бакчасынын капиталдык ремонтунун өздүк салымына айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинен 665,00 (алты жүз алтымыш беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
2. “Тынчтык” балдар бакчасынын 665,00 (алты жүз алтымыш беш миң) сомдук жумушчу күчү менен бүткөрүлүүчү өздүк салымын уюштуруу жана жумуш күчүн камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
3. Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен “Тынчтык” балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна өздүк салым үчүн берилүүчү акча каражатын учурунда бөлүп берүү жагы башкы бухгалтер В.Нарматовага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджетжана финансы маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | Б.Капарбек уулу |